Tenor кызматы Tenor мобилдик колдонмосунан, http://tenor.com дарегинде жайгашкан Tenor вебсайтынан, Tenor кеңейтүүлөрүнөн жана Tenor API'синен турат. Tenor API'син үчүнчү тараптын түзмөктөрүндө же кызматтарында колдонууга болгону менен, Tenor'го тийиштүү бардык кызматтарды Google көрсөтөт.
Tenor'ду колдонуу үчүн (1) Google'дун Тейлөө шарттарын жана (2) Tenor'дун бул Кошумча тейлөө шарттарын ("Tenor'дун Кошумча шарттарын") кабыл алышыңыз керек.
Бул документтердин баарын көңүл коюп окуп чыгыңыз. Алар жалпы жонунан "Шарттар" деп аталат. Аталган документтерде кызматтарыбызды пайдаланууда кандай эрежелер сакталышы керектиги жана бизден эмнелерди күтүүгө боло турганы айтылат.
Эгер Tenor'дун Кошумча шарттары Google'дун Тейлөө шарттарына карама-каршы келсе, Tenor үчүн ушул Кошумча шарттар көбүрөөк күчкө ээ болот.
Шарттарда камтылбаганы менен, Купуялык саясатыбызды окуп чыгып, маалыматты кантип өзгөртүүгө, башкарууга, экспорттоого жана өчүрүүгө боло турганын билип алыңыз.
1.
Материалдарыңыз.
Tenor аркылуу материалдарыңызды тапшырып, сактап, жөнөтүп, алып же бөлүшө аласыз. Google'дун Тейлөө шарттарында айтылгандай, материалдарыңызды Google'дун уруксаттамасы боюнча пайдалангандыгыңыздан улам, аларды Tenor'го жүктөп берсеңиз, алар колдонуучуларга көрүнүп, керектүү учурларда бөлүшүлүшү мүмкүн жана ошол колдонуучулар (анын ичинде материалдарга Tenor API'си аркылуу мүмкүнчүлүк алган колдонуучулар) материалдарыңызды көрүп, бөлүшүп жана түзөтө алышат.
2.
Тыюу салынган материалдар.
2.1
Tenor'ду коммерциялык максатта жана үчүнчү тараптын кызыкчылыктары үчүн колдонууга болбойт.
2.2
Google'дун Тейлөө шарттарында айтылгандай, биз бардык адамдар бири-бирин урматтап, сыйлаган чөйрөнү түзгөнгө аракет кылабыз. Tenor'ду колдонуп жатканда Программанын саясаттарын бузбай, Google'дун Тейлөө шарттарында айтылган негизги жүрүм-турум эрежелерин сакташыңыз керек. Тактап айтканда:
б. ар кандай керексиз же уруксатсыз жарнамаларды, жарнамалык материалдарды же каттарды, анын ичинде электрондук же кадимки почталарга жөнөтүлгөн каттарды, спамды, чынжыр каттарын же башка сунуштарды жөнөтүүгө болбойт.